18:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Рахатбек Үсөнкожоев: Кол өнөрчүлүктү өзүбүзгө караганда чет элдиктер баалашат

Түркия, Кытай, АКШ өлкөлөрүнүн жарандары интернет аркылуу буйрутма берип, алыскы Ат-Башы районунан булгаарыдан жасалган буюмдарды сатып алышат. Чет элдик кардарлардын көңүлүн арттырган кыргыздын оймолору бастырылып жасалган сумканын түрлөрү, курлар, ачкыч салына турган кутучалар жана капчыктарды биринчи топтогу майып Рахатбек Үсөнкожоев жасайт. 

Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды

Ал өзгөчө чеберчиликти талап кылган ишинин дээрлик көбүн көмкөрөсүнөн жатып алып даярдайт.

Нарын облусунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев тогуз жыл мурда кой кайтарып жүрүп, жардан учуп кеткенден кийин төшөккө жатып калган. Кырсыктагандан 2 жыл өткөн соң келинчеги кетип калып, үч баласын өзү тарбиялап келет.

Рахатбек Үсөнкожоев 24.kg агенттигине көл өнөрчүлүгү жана майыптарга коомдогу болгон мамиле тууралуу айтып берди. 

Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды

— Кырсыктаганга чейин эмне иш менен алектенчү элеңиз? Мурда булгаарыдан буюм тигип жүрчү белеңиз?

— Кырсыктаганга чейин мал-жандыктар менен алектенчүмүн. Мурда кийин булгаары менен иштеген да эмесмин. Жата бербей пайда келтирейин деп бул ишти колго алганыма 6 жылдай болду. Алгач камчы жасап, мүйүздөрдү чогултуп жаа жасап жүрдүм, бара-бара булгаарыны иштеткенге өттүм. Учурда кардарлардын суроо-талабына жараша буюмдарды жасап берем. 

— Жасаган буюмдарыңызды кайда сатасыз? Атайын келишим түзүп дүкөндөр менен иштешесизби?

— Жок, дүкөндөргө алып барбайм, интернет аркылуу жарнамалап сатам. Ким тапшырык берсе ошону жасап берем. Азыр кардарларымдын саны деле орто. Бир сумканы чакан болсо 2-3 күндө жасайм, чоң болсо 1 жумага созулат. Айына суроо талапка жараша болот, кээде бир айда 2-3 сумка жасап калам. Баалары дагы кеткен материалга жараша болот. Ошентсе дагы сапаттуу жасалган буюмдарым катардагы элдин чөнтөгүнө ылайыктуу. Каалоочулар болсо 0555 61 14 70, 0700 68 44 80 номурлары аркылуу тапшырыктарды кабыл алам. 

— Сизге жардам берген жардамчыларыңыз барбы? Көчөдө коляска менен жүргөндө кыйынчылыктар болсо керек?

— Жалгыз иштейм. Булгаарыны сатып аларда инимди, же жакын тааныштарымды чакырып, Бишкектеги булгаары заводго, Аламүдүн, Мадина жана Ош базарына барып өзүм тандап келем. Балдарым азырынча кичинекей мага көп жардам бере алышпайт. Улуусу 4-класста окуйт, кичүүсү 2-класс. 

Бишкектеги Совет көчөсүндө булгаары саткан дүкөнгө көп барам. Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө кирип чыгыш кыйынчылык жаратат, бирок сатуучулар киргизип чыгарып жардам берип коюшат.

Көчөдө жүргөндө жаман караган көз караштар болуп калат.

Балким, майып кайырчылар көкөйлөрүнө көк таштай тийгендир. Коляскада баратканда пандус жок жерден көтөрүп, жардамдашайын деген бөтөн адамдарды жолуктура элекмин. Өзүм деле көчөгө көп чыкпайм.

Совет көчөсүндө тротуар менен жүрүүгө мүмкүн эмес, ал тургай жөө адам баса албайт. Коляска батпайт, көчөдөн кийин эле үй, бак-дарактар, чуңкурлар...

Айла жок унаа жүрчү чоң жолго чыгып алганга туура келет. Айдоочулар ансайын сигнал берип жаман көрүшөт.

— Коомдук унааларга, троллейбус, автобустарга түшүп көргөнсүзбү?

— Бир жолу булгаары заводго барып келүү үчүн троллейбуска отуралы деп чечтик, бирок коляска үчүн пандусу иштебейт экен, дат басып калыптыр. Ошондон кийин троллейбуска такыр отурбайм. Такси менен барып келгенге туура келет.

Таксилер кээде коляска батпайт деп кетип калат, айрымдары колясканын дөңгөлөгү кир экен, салон булганат деп албай коет. Ошентсе дагы, дээрлик басымдуу бөлүгү жардам беришет.

— Тапкан каражатыңызды эмнеге жумшайсыз?

— Иштеп тапкан каражатым дары-дармекке кетет, анткени такай колдонгон дарыларым бар. Мындан башка күнүмдүк турмушка керектелет, учурда 3 балам тең окушат.

— Буюмдарыңызды атактуу кишилердин арасынан сатып алгандар барбы?

— Кыргызстандан атактуулар деле алган күн боло элек, катардагы кишилер алышат. Мындай нерсе атактуулардын көздөрүнө көрүнбөйт. Чоңдор түкүрүктү кеп кылышат, чынын айтсам эшикте коляска менен жүрүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Буюмдарымды сатып алгандардын катарында Түркия, Кытай, АКШ, Орусия мамлекеттеринин жарандары бар. Атактуулар тууралуу кеп болуп калды, менин кол эмгегиме маани берген кыргызстандык 2 гана кишини айтам. Бири өкүл атам, ысымы сыр бойдон калсын. Экинчиси мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы мени өзүнө чакырып Даңк медалы менен сыйлаган. Мүмкүнчүлүгү чектелсе дагы талыкпай эмгектенип, 3 баласын багып жатат деп, ишиме баа берген эле. 

Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Үсөнкожоевдин жеке архивинен алынды

— Ичиңизде «кырсыктабай калсам кандай болмок» деген өкүнүч болобу?

— Пенде катары башта өкүнгөн учурлар, «кырсыкка учурабай калсам» деген аттиң күндөр болгон, азыр өкүнбөйм дагы. Азыр динди жакындан таанып, Аллахтын эскертүүсү, тагдыр экенин билип шүгүр кылам. Эки бутум иштебей калганына шүгүр кылам, эки колум иштебей калса балким бул ишти кыла да албай калмакмын. Мээмдин иштегенине, жүрөктүн сокконуна шүгүр. Көчөдө кайыр сурап калбаганыма сүйүнөм. Таза, адал иш кылып атканыма шүгүр.

Эң көп окулган жаңылыктар