18:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Гемодиализ үчүн бул жылы бюджеттен 974 миллион 200 миң сом каралууда

Гемодиализ үчүн бул жылы бюджеттен 974 миллион 200 миң сом каралууда. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.

Айтымында, быйыл гемодиализге бюджеттен 651 миллион 500 миң сом каралган.

«Кийин жыл ичинде кошумча 322 миллион 700 миң сом карап бердик. Жалпы 974 миллион 200 миң сом каралууда. Ушул эле сумма кийинки жылдын бюджеттине киргизилет», — деди Алмаз Азимов.

Эске салсак, өлкөдө жалпысынан 1 миң 336 киши гемодиализ алышат. Анын 575си мамлекеттин эсебинен медициналык жардам алып турушат.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума