17:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда гемодиализ процедурасын 1 миң 508 киши алат

Кыргызстанда гемодиализ процедурасын 1 миң 508 киши алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бюджеттик негизде 604 бейтап алат. Анын ичинен Талас, Нарын, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы бюджеттик уюмдардан 117 киши, жеке клиникалардан келишим боюнча 203 киши, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизинде 283 бейтап гемодиализ алышат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын январына карата 1 миң 318 бейтап гемодиализ алып келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар