14:42
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. «Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети бир тараптуу жабылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Аталган чектөө башка өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

Башка өткөрмө жайлар адаттагыдай иштеп жатат. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрмө жайы жайгашкан.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.  

Эң көп окулган жаңылыктар