Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2, Ош облустук сотуна 1, Бишкек шаардык сотуна 1, Чүй облусунун шаардык жана райондук сотуна — 11 талапкер сунушталган.
Ушул жылдын 5-сентябрында мамлекет башчы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.
— Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Чынара Саадабаева, Гүлзат Усакпаева ;
— Чүй облусунун Москва райондук соту: Кубатбек Дубанаев;
— Чүй облусунун Панфилов райондук соту: Жылдыз Сайдылдаева;
— Чүй облусунун Сокулук райондук соту: Манасбек Кулмурзаев, Нурмат Самаков;
— Чүй облусунун Токмок шаардык соту: Урматбек Абдырахманов;
— Чүй облусунун Чүй райондук соту: Алтынай Шаршеева ;
— Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту: Нурбек Тажибаев.