18:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 3 күнгө жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 3 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда салттуу Ай майрамы белгиленет. Мындан улам, «Торугарт» жана «Иркештам» пункттарында 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүнчүлөр жана унаа каражаттары өткөрүлбөйт.

Чек ара өткөрмө пункттары 16-сентябрдан тарта иштеп баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар