12:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайда маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу эки мамлекеттин чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү жайлары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелден 7-апрелге чейин чек ара убактылуу жабылат. Мындай сунушту Кытай тарап берди.

Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 8-апрелден тарта кадимки тартипте иштей баштайт.


Эң көп окулган жаңылыктар