20:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара 7-июндан 9-июнга чейин кытай тараптын демилгеси менен жабылат. Бул күндөр аралыгында Кытайда күрүч майрамы белгиленет.

Жарандар, унаалар 10-июндан тарта өткөрүлө баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар