03:33
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Өкмөт Centerra Gold компаниясынан түшкөн каражат кайда жумшала турганын айтты

Centerra Gold компаниясы менен болгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Кыргызстан каржылык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтө алды. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Алимбеков билдирди.

Айтымында, Кыргызстан өкмөтү узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Centerra Gold менен макулдашуу жүргүзүп, акчалай түшүүлөрдү 150 миллион долларга көбөйтө алды.

«Мисалы, Курчап турган айлана чөйрөнү колдоо фондуна 2017-жылкы келишим боюнча жыл сайын 2,7 миллион доллар түшүп туруусу каралган болсо, эми сумма 3,7 миллион долларга көбөйдү. Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөш фонду түзүлдү, анын бюджетине компания 2019-2020-жылдары 10 миллион доллар которот. Мындан тышкары «Кумтөр Голд» компаниясы ай сайын жыйынды кирешенин 0,4 пайызын фондго которуп турат. Акча каражаты өлкөнүн баардык аймактарын өнүктүрүүгө жумшалат», -деди ал.

Кыргызстан Centerra Gold компаниясынын акциясынын 26,6 пайызына ээлик кылат. Ал бүгүнкү күндө 700 миллион долларга бааланат.

Эң көп окулган жаңылыктар