Бишкектеги Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын арасындагы бөлүк толугу менен оңдолуп бүттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, вице-мэр Уланбек Азыгалиев жана капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү подрядчиктер менен бирге жолдун сапатын текшерип чыгышты.
Оңдолгон 980 метрлик жолго 2 кат асфальт төшөлгөн. Муну менен катар жол белгилери түшүрүлгөн.
Аталган жолдун ремонтун China Road & Bridge Corporation корпорациясы жүргүздү.