08:20
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Кумтөр менен өкмөттүн макулдашуусу -тоо-кен тармагына оң таасирин тийгизет

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кириши- кен казуу иштерине жана тоо-кен тармагына оң таасирин тийгизет». Бул тууралуу 24.kg агенттигине Тоо-металлургиялык профсоюздун борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Айтымында, өкмөт жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын макулдашуусу жакшы көрүнүш. Анткени, жаңы макулдашуулар «Кумтөр» долбоору аркылуу Кыргызстандын абалын жакшыртат. Мында эң башкысы- алтын кенинин айланасында туруктуулуктун камсыз болушу. «Бизде инвесторлор лицензиясына ээ болгон бир канча кен аймактары бар, бирок, каражаттарды бөлүштүрүүдө күтүп калууга мажбур болушту. Албетте, Кумтөр боюнча макулдашуу тууралуу жаңылык ишенимди туудурат, ал башкаларга үлгү сыяктуу болуп калды. Бирок, белгилей кетчү нерсе баардык коюлган шарттар башында каралууга тийиш. Бул алтын кенине байланышкан тарых үлгү болушу керек, мындан жыйынтык чыгарып, каталарды оңдоо зарыл. Келечекте ката кетирбегенге аракет кылуу керек», -деди Эльдар Тажибаев.

Бирок, макулдашуу тарыхында кемчиликтер дагы бар. Серепчинин пикиринде, сүйлөшүүлөр ачык жана тунук өтүшү керек эле. Бул ар кандай шектенүүлөрдөн жана суроолордон сактамак.

«Коомчулукка 2017-жылкы макулдашууда кандай шарттар коюлганын, кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин өкмөт кандай жакшы жетишкендиктерге жеткенин айтышы керек. Анткени, элдин калың катмары кандай жакшы жактарга жетишилгенин билбейт. Жалпы каржылык түшүүлөрдүн суммасы көбөйгөнү айтылууда. Бирок, деталдуу жана пункттары менен жазылган маалымат элге кызыктуураак болмок. Макулдашууларга, өкмөткө, өкмөт башчыга ишеним көбүрөөк болмок», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар