03:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы болуп өттү

Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы колледжинде 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарышка 76 бала катышты. Алар сынак учурунда 30 сүрөөнү жатка айтып, көркөм окушту.

Калыстар тобунун чечими менен алдыңкы 3 орундар аныкталып, демөөрчүлөр тарабынан атайын даярдалган мактоо баракчалары жана баалуу белектер ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума