18:04
USD 87.45
EUR 90.05
RUB 0.85

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 61-чакырымында, Кызыл-Туу айылынын 1980-жылы туулган тургуну «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, карама-каршы тилекеде келе жаткан «ВАЗ-212» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кесепетинен «ВАЗ-212» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, Тоң райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.



Эң көп окулган жаңылыктар