19:06
USD 84.80
EUR 102.68
RUB 1.15

Бишкекте эвакуаторлордун иши жанданат

Бишкекте эвакуаторлордун иши жанданат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин туура эмес жайга токтотулган унааларды эвакуациялоо ишин «Портал групп» ЖЧКсы алектенип келген. Келишим 2022-жылга чейин түзүлгөн. Бирок, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы контрактты жокко чыгарып, өз алдынча унааларды эвакуациялап баштаган. Башкармалыкта 8 даана эвакуатор бар.

Бүгүн саат бирден кийин алар Бишкектин унаа кыймылы жыш болгон аймактарын кыдыра башташат.

Эң көп окулган жаңылыктар