10:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Турдакун Усубалиевдин ысымын тоолордун биринин чокусуна ыйгаруу каралууда

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө сактоо максатында, Турдакун Усубалиевдин ысымын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу саясий ишмердин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешмеде айтылды.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгиледи.

«Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. Өзгөрүүлөр экономика, маданият жана жашоонун бардык тармактарында болду. Өлкөдө 100дөн ашуун өнөржай ишканалары ачылган, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык «Манас» аэропорту, заводдор, музейлер. Ошондой эле анын өзгөчө жетишкендиги катары миңдеген сугат жерлерин өздөштүрүүнү атаса болот, ал мелиорация жана ирригацияга чоң көңүл бурган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Турдакун Усубалиев өзүнө байлык топтогон жок, болгон күчүн элге жана мамлекетке арнаган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн пландык экономика мезгилинде иштегенине карабастан, Турдакун Усубалиев рынок экономикасын эң сонун түшүнчү жана тигил же бул маселелер боюнча өз сунуштарын берип турчу», — деп айтты президент.

Биринчи вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берди. Бүгүнкү күндө өзүнө инфраструктуралык жана социалдык объектилерди оңдоп-түзөө жана курууну камтыган 18 пункттан турган иш-чаралар планы иштелип чыкты. Иш-чаралар планынын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө сактоо максатында Турдакун Усубалиевдин ысмын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгууда.

Муну менен биргеликте бир катар маданий, илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо дагы каралган. Бардык пландалган иш-чаралар мурда белгиленген мөөнөттөрдө жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар