06:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Абдил Сегизбаев: УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге ишенич жок

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге ишенич жок. Бул тууралуу УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев ИИМдин сурагына кирээрден мурда айтты. 

Анын билдирүүсүндө, бүгүн маалымат жыйында Орозбек Опумбаев анын жаракат алганы тууралуу кеп козгоду. Азыркы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жеңил жаракат алган деп айткан.

«Мен комплекстүү медициналык экспертизадан өтүүгө даярмын. Мен мындан ары ал кишиге ишенбейм. Анын айткандарын калп деп эсептейм. Бул атайын коомчулукту адаштыруу. Тергөөнү Опумбаев сыяктуу эмес, кесипкөйлөр жүргүзөт деген үмүттөмүн», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар