13:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кой-Таш окуясы. Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө УКМК жардам берет

Кой-Таштагы кагылышууда каза болгон «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө УКМК жардам берет. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Айтымында, Үсөн Ниязбековго атайын кызматтын полковниги наамы берилет. Анын үй-бүлөсүнө мыйзам боюнча жөлөкпул төлөнүп берилет. УКМК маркумдун балдарына жардам көрсөтөт.

Үсөн Ниязбековдун артында жубайы жана 4 баласы калды.

Эске салсак, мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүн басып алууда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар