Кечээ Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кайрылгандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрылгандардын үчөө Бишкектеги башаламандыктан жаракат алган.
«20 киши медициналык жардамдан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди», -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.
8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

