Бишкектин борборунда «Коопсуз шаардын» камераларын талкалап кетишти. Маалыматты 24.kg агенттигине мэриядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги камера сынган.
Буга чейин аталган аймакта агрессивдүү балдар жүргөнү айтылууда.
Эске салсак, кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.
Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасы бүгүн чыгышы мүмкүн.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

