01:35
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Жогорку Кеңеш кезексиз сессиясын баштады. Президентти чакырууну талап кылышты

Жогорку Кеңеш кезексиз сессиясын баштады. Каттоодон 61 депутат өттү.

Күндүн темасында болгону бир маселе- Кой-Таштан УКМКнын атайын кызматынын Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылгандан кийинки абалын талкуулоо турат.

Депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин отурумуна президент менен өкмөт башчысын чакырууну сунуштады.

Төрага Дастан Жумабеков парламентке жакынкы мүнөттөрдө өкмөт башчы келип доклад окуй турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар