Кечээ Кой-Таш айлында орун алган окуя- бүгүн социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Айрымдары азыркы бийликтин туура кадам жасап жатканын, кечээки адам өмүрү кыйылган башаламандыкка мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз күнөөсү бар экенин жазып, талкуулап жатат. Кээ бири күч түзүмдөрүнүн иши чала болгонун айтып, буга жол берген жетекчилик кызматтан кетсин деген талаптарды коюшууда. Ал эми айрым жарандар кандуу окуяга жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү болуп калат деп жазышкан.
Эске салсак, кечээ кечкурун мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны колдоо үчүн келген эл менен жолугушуу маалында, үйүнө атайын даярдыктагы кызматтын жоокерлери келип үйдү курчоого алууга аракет кылышкан. Бирок, мурунку өлкө башчынын тарапташтары күч органдарына туруштук берип, эки тараптуу кагылышуу болгон. Күч түзүмдөрү желим ок менен куралданганы айтылса, катардагы эл таш ыргытышкан. Ортодо 50гө жакын киши ар кандай жаракат алып, кесепетинен УКМКнын бир кызматкери каза болду.
Ал эми жабыркагандардын арасында карапайым калктан башка атайын кызматтын жоокерлери, мурунку аткаминерлер, ЖМК өкүлү, мурунку депутат бар экени кабарланган.
Күч органдарынын жүргүзгөн операциясы ишке ашпаган соң, алар түн ичинде Кой-Таш айылынан чыгып кетишкен. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 жоокерин барымтага алууга жетишкен. Мурунку президенттин айтымында, алар Атамбаевден кечирим сурашты.
Жоокерлерди бүгүн кое беребиз деген убада болгону менен азырынча эч кандай кадамдар жасала элек.
Бул арада мурунку президент бийликке жана элге кайрылуу жасап, «Экс-президент Атамбаев террорчу эмес. Анын тегерегине келген эл дагы террорчу эмес. Алар адаттагыдай эле саат 19:00дө мени менен сүрөткө түшөйүн деп келишкен. Күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алышты. Негизи бул уят нерсе. Мен Батукаев боюнча тийиштүү суроолорго кагаз түрүндө жооп берип, гезит, сайттарга чыгаралы дедим. Андай болбойт дегенден улам сыр кылып ИИМ үчүн жазып берели деп сунуштадым. Мени таң калтырып, кайгыртканы Батукаев боюнча менин коррупциялык ишим жок. Аны Сооронбай Жээнбеков жакшы билет», -деди ал.
Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсү толугу менен аяктай электе, борбор калаага келип, бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда ал Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.
Социалдык тармакта Кой-Таш операциясын талкуулагандардын саны өсүүдө. Саясатчылардан Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү болуп жаткан кырдаал тууралуу үн катты. Ал президентке жана мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, тирешүүнү токтотууну сунуштады.
«Алакандай Кыргызстаныбызда кайрадан жүрөк үшүн алчу окуя болуп кетпесин! Элибиз менен укук коргоо кызматкерлерибизди козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат!», -деп айтылат кайрылууда.
Экс-премьер-министр, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев Кой-Таштагы абал боюнча билдирүү таратты. Айтымында, Кой-Таштагы кечээки окуялар өлкөнүн саясий абалынын курчушуна алып келди. Ал көзөмөлдөн чыгып мындан ары жаман жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиев Кой-Таштагы атайын операция жакшылап пландалган эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирген.Азыркы тапта Кыргызстан үчүн абалды турукташтыруу боюнча саясий чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп турат. Президент жана парламент тарабынан кагылышууларга жол берген укук коргоо органдарынын ишине саясий баа берилиши керек
Темир Сариев
«Мындай операция түштөн кийин же кечинде эмес, эртең менен, таң атпай болот. Кечинде атышкандын кажети жок. Атайын операциянын башында ким турса ошол жооп бериш керек. Балдарды жөнөтүп эле койбой, эсептеп, тактап аны координациялаш керек эле. Ушундай болуп кетерин алдын ала көрө билиш керек болчу», -деди ал.
Бүгүн Алмазбек Атамбаев мөөнөтсүз митинг башталганын айтты.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев журналисттер менен сүйлөшүп жатып, курал анда гана бар болгонун айтты.
Алмазбек Атамбаев баардык куралдарды топтоп, үйүнүн 3-кабатына коюп койгонун айтты. «Эл баарын тапшырды, биз эч кимдин колуна курал бербейбиз», -деди ал.Атайын кызматтын балдары 3-кабатка келгенде мен 5-6 жолу жогору карай ок аткам. Кайып кеттиби же тийдиби мен билбейм. Бирок, эч кимге тийбегидей кылып аткам. Кийин менин тарапташтарыма күнөөнү илип койбосун деп ачык айтып жатам
Алмазбек Атамбаев
Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салгандардын ичинде Орусия менен Казакстан да бар. Алар өлкөнүн ички ишине аралашпаганы менен болгон ишке кабатыр болуп жаткандарын айтышкан.
Орусиянын элчилиги Кой-Таштагы окуяга эч кандай түшүндүрмө бербейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматкери Виктор Харченко билдирди.
«Атамбаевдин айланасындагы абал тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албайбыз. Бул Кыргызстандын ички иши. Биз ага аралашпайбыз. Биз болгону жарандарды эл жыш жайгашкан жерлерден алыс болууну эскертип жатабыз», -деди ал.
Мындан тышкары Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев дагы окуяга көз салып жатканын айткан. Ал тез арада абалдын түз жолго салынышынан үмүтү чоң экенин билдирген.

