02:44
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кой-Таш окуясы. Алтынай Өмүрбекова жабыркаган жарандардан кабар алды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында атайын операция учурунда жабыркаган жарандардан кабар алышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Ал жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар