03:00
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кой-Таш айылында милиция 2 аялды сабап салган

Кой-Таш айылында милиция 2 аялды сабап салган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Арашан айылынын дарыгери Динара Осмонкулова билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар жардам берүү үчүн дарыгерлерди чакырып жатышат.

«Ийини сынган аял жатат, ал башынан да жаракат алган. Аны жана кошунасын милиция сабап салган деп айтышууда. Мен нааразы болуп жатам», -деди Динара Осмонкулова.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар