Кой-Таштагы кагылышуудан кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурунку президенттин катыштыгы бар делген факты боюнча Алмазбек Атамбаев 3 жолу суракка көрсөтмө берүүгө чакырылган. Бирок, ал суракка келүүдөн баш тарткан.
«Мындан улам Алмазбек Атамбаевди зордоп алып келүү токтому чыккан.Тапшырманы аткаруу максатында УКМКнын кызматкерлери Кой-Таш айылына барышкан, бирок мурунку өлкө башчынын тарапташтары курал жана башка буюмдарды колдонуп каршылык көрсөтүшкөн. Мындан сырткары массалык башаламандык орун алды», -деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

