Кечээ Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Лаган каналына 2 кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кыздардын бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.
«Экинчи кызды издөөгө Кадамжай райондук № 75 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды. Жергиликтүү тургундар кыздын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен», -деп билдиришти ӨКМдан.
Ошондой эле, кечээ Ош шаарында Ак-Буура дарыясына 1 эркек адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, саат 18:20да маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.