06:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктарынан 36 бала каза болду

Ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктарынан 36 бала каза болуп, 828 бала жаракат алышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6 ай аралыгында Кыргызстанда жалпы 2 миң 825 жол кырсыгы катталган. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 17,9 пайызга өскөн.

Жол кырсыктарынын саны боюнча Баткен облусу (52,9 пайыз) алдыда турат. Андан кийин Талас (36,4), Ош шаары (31,5), Ысык-Көл облусу (20,4), Бишкек шаары (25 пайыз) турат.

Жол кырсыгында 306 киши каза болуп, 4 минден ашуун киши жараат алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар