Ош облусуна караштуу Ноокат районунда унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош—Исфана унаа жолунун 20-чакырымында Ноокат районунун 1971-жылы туулган тургуну «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа оодарылып кетип, айдоочу каза болду.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.