22:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Биринчи жарым жылдык. Өкмөттүн аппаратына 3 миң 88 кайрылуу келип түшкөн

2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн аппаратына 3 миң 88 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Кайрылуулардын 2 миң 454ү кат түрүндө келген.

Ошондой эле, премьер-министрдин коомдук кабылдамасына 53 жаран кайрылган.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары республиканын бардык аймактарынан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип түшөт. Кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан — 899 (36,63 %) жана Чүй облусунан — 438 (17,85 %) түшкөн.

Кайрылуу ээлеринин негизги контингенти — улгайган, пенсия курагындагы жана башка социалдык корголбогон категориядагы жарандар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума