Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Сосновка айылында сарай өрттөнүп, 10 баш кой күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 10 баш кой жана 300 түк чөп күйүп кетти.