05:40
USD 84.77
EUR 102.46
RUB 1.14

Ысык-Көл. Сезондо эс алуу менен бирге акча тапкандар

Быйыл жайдын алгачкы айы жаанчыл болуп, көпчүлүктүн маанайын түшүргөнү менен июль, август айларында күндүн табы жогорулап, учурда көлгө агылгандардын саны өсүүдө. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жергиликтүү эл туристтерди тосуп, аларды тейлөө камын көрүп жүрсө, түштүк жээктин тургундары да кем калбай келген меймандарды тоо туризми менен тааныштырышууда.

Шайгүл Асанбаева Жети-Өгүз курортунун аймагында жайгашкан боз үй шаарчасына ээлик кылат. 7 балалуу баатыр эне ырым кылып атайын 7 боз үй тиктиргенин айтат. 20 жылдан бери алар меймандарды улуттук тамак-аш жана жатак жер менен камсыздашат.

«Уул-келиндерим, кыздарым жана неберелерим болуп мында келген меймандарга сый көрсөтөбүз. Бир жылда миллиондогон киши келип, биздин кызматыбызды көрүп кетишет. Орусия, Казакстан, АКШ, Германия, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген дайымкы кардарларыбыз бар. Бүгүн эле чет жерден келген 200дөй конокту тосуп кетирдик», -дейт ишкер айым.

Айтымында, казанда жасалган тамак-аштын даамы өзгөчө болот. Мындан улам, даам сызып кеткен туристтер жыл айланып кайра издеп келишет.

«Индиядан аттуу-баштуу киши бир топ кишинин коштоосунда келип тамактанууга отурду. Казанда жөргөм, быжы бышып аткан, ошол тамакты жейм деп сурангандыктан алдына бердик. Кийин 2 күндөн кийин ошол тамакты жеш үчүн Бишкектен кайра келгенин айтты. Мындай окуялар көп эле болот», -дейт Шайгүл Асанбаева. Ал туристтерди тейлөө менен бирге жаратылыш койнунда мыкты эс алуу болуп жатканын кошумчалады.

Таалай Бактыбековдун бүркүтчүлүк менен алектенгенине 4 жыл болду. Алгач жөн гана кушка кызыгып, аны багуу менен гана чектелсе, кийин бүркүтүн каалоочулар менен сүрөткө түшүрүп, киреше булагына айланткан.

«Биздин тукумда мүнүшкөрлүк менен алектенген эч ким болгон эмес, алгачкысы менмин. Бүркүттүн жеген азыгын актай тургандай кылып чакан бизнес баштоону туура көрдүм. Бүркүт менен сүрөткө түшүүгө кызыккандардын басымдуу бөлүгү чет жактан келгендер. Ал эми Азияттар көп кызыгышпайт деле. Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан келгендерге атайын шоу уюштуруп берем», -дейт Таалай.

Кошумчалай кетсек, бүркүттүн ысымы Акмөөр. Аны менен сүрөткө түшүүнү каалагандар 200 сомдон 500 сомго чейин акы төлөшөт. Ал эми жергиликтүү туристтерге баасы 50 сомдон жогору. Таалай бүркүттөн тышкары кулаалы жана жаман сары канаттууларын багып жүрөт. Ал күнүнө орто эсеп менен миң сомдон жогору каражат таба турганын айтты.

Руслан Жумашевдин бал челек кармаганына 10 жылга чукулдады. Эс алуу менен бирге киреше табууну айкалыштырып, жайында уулу менен бирге тоого жакын көчүп келген.

«Күн салкын мезгилде айылдан эле сатабыз. Бирок, күндүн ысышы менен аарыларга да ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн, салкын жайга көчөбүз. Августтун аягында гана айылга кайтабыз. Аарылардын деле жайлоодогу малга зыяны тийбейт, ошентсе да сак болуп карап турабыз. Бир сезондо таза киреше 20-30 миңдин тегеринде болот», — деди ал.

Гүлмира Мурзакожоева Жети-Өгүз айылынын тургуну. Ал элди кызыктырган этно зона курган. Мында четтен келген меймандар сүрөткө түшүп, кыргыз элинин көчмөн жашоосу менен жакындан тааныша алышат. 

«Бул үй-бүлөлүк бизнес, кызым менен күйөө балам уюштуруп беришти, мен иштетип атам. Эл жакшы кабыл алды. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийип сүрөткө түшүүнү каалагандарга бир кишинин формасы 100 сомдон берилет. Кийимдер нукура тери, жүн, кебезден жасалып, саймалары колго сайылган», -деди ишкер айым.

Ысык-Көлдүн күнгөй тарабында эс алуу менен бирге киреше таап жаткандардын бири Азамат. Ал 3 жылдан бери катамаранды ижарага берип иштейт. 

«Жайдын ортосунан тарта кардарлардын саны өсүүдө. Иштеп тапкан каражатым өзүмдү өзүм каржылаганга жетет. Кээде катамаранды көлдүн ортосуна чейин айдап барып, коңтуруп салып кетип калгандар болот. Андайда өзүм айып төлөгөнгө туура келет», -дейт Азамат.

Айзада Жумадылова 15 жаштагы окуучу. Бишкекке жакын жайгашкан айылдардын биринен көлгө келип, эс алып дагы, иштеп да жатат. Анын кардарлары шарик атып, байге утушат. 

«2 жылдан бери байкем экөөбүз шарик менен иштейбиз. Буга чоң-кичине дебей баары кызыгат. Кээде жаш балдарга атайлап жакын коюп берем, шариктерге таптакыр тийбей калса жөн гана колуна карматып жарып коебуз. Айрымдары ыйлап кетип баратса, колуна шарик кармата салабыз. Кээде талашкан тартышкан учурлар болот, оюн эрежелерине баш ийбегендер да бар. Дем алыш күндөрү 5 миң сомдон, мындай иш күндөрү 2-3 миң сомдон каражат табабыз», -дейт Айзада.

Бактыгүл Жумабаева шуруларды өз колу менен жасап, көл жээгинде эс алып отургандарга сунуштайт. Анын чакан ишкерлик менен алектенгенине 10 жылдан ашты. 

«Сатып алып кайра кардарга саткандан көрө, өз колуң менен жасап саткан алда канча кирешелүү. Тажрыйбалуу болуп калгандыктан, бир браслетти 3-4 мүнөттө эле жасайм. Орто эсеп менен таза 2-3 миң түшөт», -дейт ал.

6-класстын окуучусу Азамат Турсуналиев дагы чоңдордон кем калышпай тир иштетип жүрөт. Ал жаңы окуу жылына карата кийим-кечек, окуу куралдарын сатып алууну көздөөдө. 

Кубанычбек уулу Урмат куурулган балмуздак сатат.

«Кууралган бал муздак деп элдин кызыгуусун жаратуу үчүн гана атап койгонбуз. Бул кадимкидей муздак эле балмуздак. Болгону жер-жемиштерди сүттүн аралашмасына кошуп беребиз», -дейт Урмат. 

Боз-Тери айылынын жашоочусу Райкан Сатылганова чакан идишке салып таңгакталган ашлямфу сатат. Ал 4 жаштагы небересин ээрчитип, көл жээгин кыдырып чыгат.

«Кээде 40 табак ашлямфу саткан учурларым болот. Атайын алыстан издеп келип таап жеп кеткендер бар. Четтен келгендер «бул эмне тамак деп» кызыгып сурап калышат. Бүт азыктарды өзүм дайындап жасайм. Алматы, Ташкенттен келген турист кардарларым бар. 4 жаштагы неберем экөөбүздүн бизнесибиз ушул», -деди ал. 

Маалыматка таянсак, былтыр Кыргызстанга 4,5 миллион турист келген. Алардын 70 пайызы КМШдан (Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөр) келгендер.

Эң көп окулган жаңылыктар