22:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою газ берилбейт

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-августтан 9-августка чейин «Аламүдүн-1» кичи районундагы Энергетиктер жана Курулушчулар шаарчасы газсыз калат.

Лебединовка айылында Калинин көчөсү, Жеңиш проспектиси жана Садовая менен Токмок көчөлөрү менен чектеш аймактарда жаратылыш газы берилбейт.

Аталган аймактарда жабдыктарды алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар