03:33
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Ак-Суу районунда кыш чыгаруучу заводдун аймагын сел каптады

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш чыгаруучу заводдун аймагын каптаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.

Бүгүн дагы селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар