23:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нарын—Баетов унаа жолундагы кырсыкта 2 киши мерт кетти

Кечээ Нарын—Баетов унаа жолунун 90-чакырымында 2 унаа кагышып, 2 киши мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктан 10 киши оор жаракат алган.

«Ниссан Цефиро» жана «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Биринчи унаада 7, «Тойота Ипсумда» 5 жүргүнчү болгон. Кырсыктан жабыркаган 10 адам облустук ооруканага жаткырылды. Ал эми 1 аял жана 1 наристе окуя болгон жерде каза тапкан.



Эң көп окулган жаңылыктар