Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун ооруканасына 9 жаштагы бала сүннөткө отургузулгандан кийин шок абалда келип түштү. Бул тууралуу райондук оорукананын жетекчиси Канат Жумадылов 24.kg агенттигине айтты.
Баланы мечиттен сүннөткө отургузушкан.
Анын айтымында, баланы ата-энеси алып келген. «Бала шок абалда болгон. Антисептика жана асептика сакталган эмес. Ага наркоз берип, канап жаткан жерин кайра тигип, тазалоо иштерин жүргүздүк. Бала үйүнө чыгарылды», — деди ал.
Оорукана жетекчиси мечиттен балдарды отургузууга жол бербөө керектигин кошумчалады.
«Кан аркылуу ар кандай оорулар жугуп калышы мүмкүн. Эң коркунучтуу гепатит илдети жайылат», — деди ал.