17:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Токтогул районундагы жол кырсыгында 1 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылына жакын жерде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, «Хонда Стэпвагон» жана «Тойота Камри» унаалары кагышкан. Кесепетинен «Хонда» унаасы күйүп кетти.

«Кырсыкта бир киши каза болду, анын өздүгү такталууда. Дагы 7 киши ар кандай жаракат алган, алар ооруканага жеткирилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума