18:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент Ак-Сай элин сабырдуулукка чакырып, убакыт сурады

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилет. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков айыл тургундары менен жолугушууда билдирди. 

Анын айтымында, айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станциянын курулушу башталат. Чек арага жакын жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чаралар кабыл алынат. Ошондой эле кээ бир айылдарда жаңы мектептерди куруу боюнча чечим кабыл алынды.

«Социалдык маселелер чечилет. Баарынан маанилүүсү — сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам. Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос эл. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун — зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу. Баардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн — тынчтыкты сактообуз зарыл», — деп баса белгилеп президен Сооронбай Жээнбеков жолугушууга келген аксакалдар менен жергиликтүү жашоочуларга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчысы Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума