Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Быстроток» каналына 62 жаштагы аял киши сууга чөккөн.
Андан тышкары, Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы эркек чөгүп кеткен. Бирок, анын сөөгү табыла элек.