17:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токмокто тойдун коноктору ууланган ресторан жабылды

Токмок шаарында үйлөнүү үлпөт тоюнунун коноктору ууланган ресторан убактылуу жабылду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгону аныкталган.Мындан улам «Мегаполис» рестораны кемчиликтерди жойгонго чейин убактылуу жабылды.

Эскерте кетсек, 30-июнда өткөн тойдон кийин жалпы 174 адам дарыгерлерге кайрылып, 78и ооруканага жаткырылган. Учурда 10 киши дарыланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар