05:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто эки унаа сүзүшүп, кесепетинен айдоочу каза болду

Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, кесепетинен 23 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя Ош — аба майдан жолунун 10-чакырымында болгон.

«Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн «Daewoo Lacetti» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып «Тоyota Estima» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан экинчи унаанын айдоочусу менен калган жүргүнчүлөрү ар кандай жаракаттарды алышты. Алар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилди», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар