00:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

Бишкекте адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен саат 4:30да белгисиз унаанын айдоочусу Травматология жана ортопедия улуттук илимий изилдөө борборуна азият улутундагы жаранды алып келип берип, кайра качып кеткен.

«Жабырлануучу каза болуп калды. Аталган окуяга шектүү катары 31 жаштагы А.Э. кармалды. Анын унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума