06:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мамлекеттик тил күнү. Уюштурула турган иш-чаралардын тизмеси

Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, «Кел кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында сынактар жана акындардын эл аралык «Айтыш-2019» сынагын өткөрүү пландалып жатат.

Майрамдык программага «Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалын өткөрүү киргизилген, мында ар башка этностордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандар кыргыз тилинде ырларды аткарышат. Алгач сынактар райондук жана облустук деңгээлдерде өткөрүлүп, андан соң аймактык баскычтын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарындагы гала-концертке катышышат.

Ошондой эле кыргыз тилиндеги ырларды аткарган чет элдик эстрада жылдыздарын чакыруу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар