Миңден ашуун мугалим «Асыл» пансионатында эс алышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ден соолукту чыңдоочу комплекс Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылында жайгашкан. Анда 12 поток менен (ар биринде 90 мугалим) мугалимдер эс алышат.
«Жолдомолор профсоюз линиясы боюнча, мындан тышкары сынактарда жана олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыздаган окуучулардын мугалимдери үчүн берилет», -деп айтылат маалыматта.