Нарын—Баетов унаа жолунда «Хонда Одиссей» унаасы оодарылып кетип, 3 жашар кыз мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Аталган жолдун 70-80-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 адам болгон. Алардын арасындагы 3 жаштагы кыз каза болду.
Унаанын айдоочусу Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына, калган 3 адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылды.