Бишкекте 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн болжол менен саат 00:10до BMW унаасы Toyota 4 Runner унаасы менен сүзүшкөн. Алардан качам деген үчүнчү унаа тосмону сүзүп токтогон.
Кесепетинен 1 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Унаалар айып төлөөчү жайга киргизилди.