19:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевдин штабынан. Экс-президент колдоочуларынан кабар алды

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында эки боз үй тигилип, бетондор орнотулду.

Алмазбек Атамбаев бүгүн боз үйдө түнөгөндөргө чыгып, саламдашып, журналисттер үчүн түзүлгөн пресс-борбордо дагы болду.

Бир катар маалымат каражаттары Кой-Таштан түз эфир көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, Кой-Таштагы жер тилкесин Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдон сатып алган. Бул боюнча үч жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, жер тилкесин аркылуу Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэринин ордун сатып алышы мүмкүн экендигин божомолдогон.

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия дагы Кой-Таштагы үйүн салган жерди Алмазбек Атамбаев мыйзамсыз сатып алганын белгилешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар