Суусамыр өрөөнүндө балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтөт. Анда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театры жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышкан концерттик программа жана театралдык көрүнүш тартууланат.
Иш-чара 29-30-июнь күндөрү өтөт.
29-июнь күнү эртен мененки саат 08:00дөн −19:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кожомкул айылындагы ат майданда «Көк бөрү», «Эр эңиш», «Кыргыз күрөшү», «Ат көтөрмөй» жана «Таш көтөрмөй» оюндары өтүп, байгелер 30-июнда жеңүүчүлөргө тапшырылат.

