07:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралат

Жогорку сот 16-июлда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра карап чыгат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, юристтер Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго жемкорлук боюнча коюлган айыпты толугу менен четке каккан бир канча учурду аныктап чыгышты.

Маалыматка караганда, Леонид Маевский эч качан «ВТБ 24» банктагы өз эсебинен 1 миллион долларды алган эмес. Буга чейин ал акчаны бөлүп, 300 жана 700 долларды 2010-жылдын май айынан июлга чейин Мегаком компаниясынын коюмдарын көзөмөлдөө үчүн жең ичинен пара берүү катарында ага берилгенин айткан. Бирок, анын күзөтчүсү Сергей Кутуков Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго эч кандай акча алып келген эмес. Ал өзү 2010-жылдын июлунда Бишкекке келбегендигин тастыктаган.

Мындан тышкары 2010-жылдын 13-майында жасалган Алексей Модиндин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн табуляциясы бар.

Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн жаткырылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума