Эртең Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 8.00-17.00 —Бөкөнбаев көчөсү, 76;
- 9.00-17.00 — Менделеев, Төкөлдөш көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Васильев көчөсү, 248 блок А;
- 9.00-18.00 — Чокморов, Бөкөнбаев, Шевченко, Үмөталиев көчөлөрү менен чектеш аймак, Лев Толстой, Панфилов, Хоперская, Гагарин көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9.00-16.00 — Садырбаев, Космическая, Ахунбаев, Репин, Насиров көчөлөрүнүн бир бөлүгү, «Арча-Бешик»;
- 9.30-17.00 — Малдыбаев, Кустанайская, Ден Сяопин, Девятого января, Брестская, Садыгалиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Волкова бурулушу;
- 9.30-19.00 — «Келечек», «Тунгуч», «Асанбай»;
- 10.00-18.00 — «Кара-Жыгач».