20:27
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районундагы Там-Тумшук айылында жергиликтүү тургундар менен Ходжа-Альо айылынын тургундары арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү эл билдирди.

Маалыматка караганда, жаңжалга 100гө чукул киши катышкан.

«Тажикстандын жарандары Исфара-Ворух жолунун такталбаган аймагында асфальт төшөп башташкан. Кыргыз айылдарынын жашоочулары буга нааразы болушкан. Окуя болгон жерге милиция жөнөп кетти, мындан сырткары «Орто Бөз» чек ара заставасынын командири дагы ошол жакта жүрөт. Бирок, жаңжалдын катышуучулары аларды угуп коюшкан да жок. Бүгүн сүйлөшүүлөр дагы уланат», -деп билдиришти тургундар.

Эң көп окулган жаңылыктар