Эртең Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 8.00-17.00 — Кара-Суу шаары (Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү, Микрорайон, поликлиника),
- Төөлөс, Он-Эки-Бел, Медресе, Меркит, Караван, Өткөрмөбаза, Герейт-Шорон, Өрнөк, Живпром, Салам-Алик, Көлдүк, Акжар, Кызыл-Тоо, Ийри-Суу, Зергер айылдык башкармалыктары,
- Гүлчө, Бүлөлү, Будалык, Коңур-Дөбө, Корул, Каблан-Көл.